www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Уттаракханд штатында мөңгү ордунан жылып кетип, учурда 150 киши дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу NDTV телеканалына шилмете берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, мөңгүнүн чоң-чоң бөлүктөрү Алакнанда жана Дхаулиганга дарыяларына түшкөн. Жыйынтыгында андагы суу көтөрүлүп, ылдый жакта жайгашкан Сринагар, Ришикеш жана Харидвар гидроэлектр станцияларына коркунуч жараткан. Дал ошол маалда алар суу сактагычтардагы сууларды шашылыш түрдө агызууга аргасыз болушкан.
Дайынсыз болуп жаткан адамдардын көпчүлүгү Ришиганг гидроэлектр станциясынын жумушчулары экени айтылууда.
Учурда абал акырындык менен жөнгө салынып, бирок суу нормасынан 1 метр жогору болуп жатканы кабарланды.
Булак: NazarNews.kg