www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мага жашоонун сабактарын үйрөтүп жүргөн агайым «Көчөдөгү ылайды чаппа, өзүңө чачырайт» – деп дайыма айтып келет. Бул сөздөр мени көп учурда кандай гана жийиркеничтүү сөздөр болбосун, унчукпай, жылмайып өтүп кетүүгө өбөлгө болот. Учурдан пайдаланып мага дайыма оң кеңештерин берип, туура жолду көрсөтүп жүргөн устаттарыма терең ыраазычылыгымды билдиремин!

Акыркы кезде коомубуз моралдык жактан абдан эле түшүп кетти. Улууларыбыздан үлгү алып, ак батаны күтчү элек, тилекке каршы кээ бир эже-агаларыбыз жол көрсөтүп дем-күч бергендин ордуна жемелеген сөздөрү менен алдыга караган оптимисттик көз карашыбызды алсыздаткан кадамдарына аргасыздан күбө болуудабыз. Жаштарыбыз сый-урмат, бекем достук, узак мамилени эмес, «күнүмдүк хайпты» баарынан жогору коюп калды. Интернеттеги 5 мүнөттүк алкоо үчүн адамдын көңүлүн деле тебелеген заман болуп калгандай. Жаза берсек аягы жок, өкүнүчтүү абалга жетип калдык.

Эки сөздүн бири «саясат», эки сөздүн бири «принцип».

Биз командабыз менен Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары, ШОС, Түрксой, Көчмөндөр ааламы ж.б. мамлекеттик жана эл аралык масштабдагы долбоорлорду уюштуруп келебиз. Уюштуруу иштеринде ыктыярчылардын орду абдан зор. Дайыма жаныбызда колубузга кол, бутубузга бут болуп берет, ал тургай бизден да көп жумуштарды аткарышат. Жетектеп жаткан досторубуз менен баарлашууда: «биз алдыбыздагы ыктыярчы-командалаштарыбыздын көңүлүн оорутпайлы, ар бири менен сылык мамиледе бололу, жумушта ката болот, ал үчүн катуу айтып алып, жанган көзүн өчүрүп, канатып сындырып албайлы, эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт» – деген сөздөр айтыла берип, «девиз» болуп калды. Бул биздин принцип.

Эмне үчүн «биздин принцип» деп чечтик? Себеби, биз бул кадамдарыбызды туура чечим деп кабыл алып, жакшы деп баалап, принцибибиз болсун деп чечтик. Биздин принцип кимдир бирөөгө принцип деле болбошу мүмкүн. Иш проццесинде кызматкери чоң ката кетирсе, көңүлүнө карабай, кубалап, эшигин катуу жаап алуусу деле мүмкүн. Бул жашоодо нормалдуу эле нерсе. Баары бирдей болуусу мүмкүн эмес. Ар биринин өзүнүн чындыгы, өзүнүн эрежеси бар. Өзүбүздүн оюбузга туура келбесе, аны карап, «сенин принцибиң жок» – деп жемелегенге жатпайт.

Илимге көңүл бурсак, туруктуу принцип жаратылышта гана болот. «Гравитация мыйзамы» бар. Ташты өйдөгө ыргытсак, эч качан жерге түшпөй койбойт, тартылуу күчүнүн негизинде кайра эле түшөт. Суу эч качан ылдыйдан өйдөгө карап акпайт ж.б.... Бул туруктуу принциптер. Ал эми адам баласы абалга жараша «принцибиң жок, принципке туруш керек» деп айтканы, өзү туура деп баалаган чечимдин жыйынтыгына таянып айтып жатканы. Анын арты менен «саясий принциби жок» ж.б. сөздөр токулуп жатат. Албетте бул нерсеге таарынуунун деле кереги жок. Ар ким өз түшүнүгүнүн деңгээлинде баа берет, аныктайт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Эми көпчүлүк досторумду кызыктырып жаткан өзүмдүн «саясий принцибим» боюнча жазайын.

Менин жашоодогу эң чоң принцибим – элиме, жериме ак кызматымды өтөө! Белгилүү дүйнөлүк жазуучу Пауло Коэльо өзүнүн «Алхимик» аттуу китебинде: «эгер сен бир нерсени чын дилиңден кааласаң, болгон аалам сени ошол каалооңо жеткирүүгө күчүн жумшайт» – деп жазганы бар. Менин каалоомдун күчү бизди бүгүнкү деңгээлге жеткирип олтурат. Эң башкысы ниетибиз түз болуусу керек. Ички дүйнө менен сырткы кадамдарыбыздын бирдей болуусу зарыл. Бул менин жашоодогу эң негизги баалуулуктарым.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гулжигит Сатыбеков деген ырчы агабыз бар. Бул байке менен жакындан тааныш эмесмин, бирок өзүмдүн жеке сыйлыгым болсо, «эң жогоркусун» биринчи болуп дал ушул байкеге тапшыраар элем. Эмне үчүн?

Гулжигит аганын белгилүү «МОСКВА» аттуу ыры бар. Бул ыр – мени, элиме, жериме кызмат кылам деген каалоомду он эселеп күчөттү, жашоомдун маңызына айлантты. Маани берип угуп көрүңүздөр. Кээ бир саптарын жазып кетейин:

Кээде туруп тажап кетем,

Күндөр өтсө азап чеккен,

Мекенимди эстеп сагына.

Кээ бирөөгө күндө майрам,

А бирөөгө бүтпөс арман

Жашап жүрөт сенде Москва

Ана Москва, мына Москва,

Кыйын күндөр сенде өттү ыйлап Москва.

Керемет тура, кенебейт тура,

Көз жаштарга ишенбеген шаарым Москва.

Жаштык күндөр сен калды гана Москва.

Мекениме качан кайтам айтчы Москва.

Бул ыр - бийлей турган ыр эмес, кыргыз элимдин учурдагы трагедиясы. Өзүмдүн ата-энем көп жылдап дал ошол Москва шаарында иштеп, бекем ден-соолугунан ажырашты. Аны кесепетин азыр тартып жатышат. Мындай окуялар ар бир үй-бүлөдө бар...

Бул ыр чачыранды болгон оюмдун бир жерге топтоолуусуна өбөлгө болду. Четте туруп, «бийлик туура эмес кылып жатасыңар» - деп сындай бербей, бирөөнүн папкасын көтөрсөм дагы, жогорудагы ыр саптарында кыйналып жаткан элимдин жашоосун жакшыртууга аз да болсо салым кошуу менен, оң чечимдерге таасир этип, жакшы жакка өзгөртө алсам, бул менин чоң жеңишим деп эсептеймин жана жашоомдогу эң негизги вазийпам (миссиям), принцибим катары баалаймын.

P.S. «Пахта коет» деп жазган досторум боюнча... «Тамеки чеккен адам гана, тамекинин даамын билет» – деп коет. Мен бул сөздү эң алгачкы жолу 2015-жылы уктум. Досторум тамашалап пахта коелу десе, олтурганына төшөк бериш керек окшойт деп түз түшүнүп, күлкүгө кабылганым эсимде. Бул сапат биздин үй-бүлөбүздө жок, тарбиябыз ушундай. Адамга болгон урмат-сыйыңды чын жүрөктөн, ак ниет менен билдирүүнү «пахта коюу» деп эсептебеймин.

Урматтуу досторум, ини-карындаштарым! Азыр тарыхий убак болуп турат. Сын пикир айтканга дайыма жетишебиз. Келиңиздер, бүгүн ар бирибиз мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн аз да болсо кол кабыш кылалы. Аны менен катарлаш өзүбүздү өстүрөлү. Балтабызды курчуталы. Дарак кыркчу мезгил да келет. Ошол мезгилде балтабыз мокок болуп калбасын...

Бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутпайлычы... Бул күндөр да өтөт. Мамиле, сый, көңүл калат. Мен сиздерди кыймыл-аракетим, чечимим менен таарынткан болсом, чын дилимден кечирим сураймын. Мен жөнүндө билип-билбей жазган досторумду, ага-эжелеримди, ини-карындаштарымды кечиремин. Узун постту аягына чейин окуганыңызга терең ыраазычылык билдиремин. Жараткандан баарыңыздарга бекем ден-соолук тилеймин. Өлкөбүздө бир гана тынчтык болсун!

Урматым менен Союзбек Надырбеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости