www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент кезинде “оорудум” дебей, агын актай, кызылын кызылдай шимирген Атамбаев азыр ок тийгенсип, соо жери жок экенин айтып, абактан ооруканага чыгууну көздөп атат. Бул анын эркиндикке чыгып, дарыланам деп, чет өлкөгө кетип, качуунун далалаты. Эгерде Атамбаев абактан ары чыгып кетсе, анда жарат алган жана каза болгон аскерлердин убалы уктатпайт. Туугандары нааразычылык акцияларга чыгышы мүмкүн. Анан аягы басылбаган чоң чатактар ырбайт. Мамлекет олку-солку болуп турганда ызы-чуунун кимге кереги бар? Ошол үчүн Атамбаевдин камактан чыгарбоо керек, мыйзам баарына бирдей. Ансыз деле абакта эркелеп жатат. Сотко кааласа келбей койот. Сотту өзү созуп атпайбы. Ошончолук өзүнүн ак эткенине ишенсе, сотко келип адекваттуу жооп берип, актыгын далилдебейби.

Атамбаев канкор атка өзү конуп калып, Жээнбековду да ошол атка кондургусу келип далалаттанды. Ага далил: Октябрда баш аламандыктын толкунунда түрмөдөн чыгар замат, канча адам өлдү?” деп сураган. Ал оюнда кан төгүлүп, Жээнбеков анын тагдырын кайталайт деген. Ал эми ошол өлгөнүн каалаган карапайым элдин ыйы, күйүтү, санаасы ал үчүн бир тыйын!

Атамбавдин арты таза болбогон үчүн жашоо бумеранг болуп абакта азап тартып отурат. Анын кандуу окуяларга тиешеси бар. 2010-ж 7-апрелде элди окко салып берген саясатчы так ушул Атамбаев. Анын канкордугун мурунку депутат Кубанычбек Кадыров да айткан жайы бар. Андан Атамбаев көрүнүктүү төрт саясатчыны "кызматтан кетирүү" үчүн киши өлтүргүч издөөнү суранган. "Ал мага: "Кубан, балким, өлтүргөндү табасың, менин акчам жетиштүү" деди. Анын тизмесиндеги чиновниктердин бири Кочкор районунун мурунку акими Курманбек Байтереков болгон », - деген Кадыров.

«Эгерде Атамбаев бул калп десе, анда мен полиграфдан өтүүгө даярмын”деп ишнимдүү айткан. Антип айтышы толук мүмкүн. Себеби, Атамбаев сөзүн элебей, сүйлөй берерин эл деле билип бүткөн. Анын бийлик, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн адамдарды өлтүрүүдөн кайра тартпасын көрбөдүкпү!

Аманат Мукановдун Фейсбук баракчасынан алынды

Последние новости