www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилиги кабарлады.

«Улуу Мартабалуу, 

Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына шайланышыңыз менен эң жылуу куттуктоолорумду жана мыкты каалоолорумду жеткирүү мага чоң кубаныч тартуулайт.

Индия-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жалпы демократиялык баалуулуктарга, ошондой эле тарыхый жана маданий байланыштарга негизделген. Эки тараптуу мамилелерибизди мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн Сиз менен иштешүүгө үмүттөнөм.

Учурдан пайдаланып, Сизге, Улуу Мартабалуу, жеке ден соолук жана достук мамиледеги Кыргыз Республикасынын элине бакубатчылык каалайм.

Улуу Мартабалуу, өзүмдүн урматымды дагы бир ирет ырастоомду кабыл алыңыз”, - деп жазылат куттуктоо телераммада.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости