www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская БУУнун Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрүнө атайын баяндама жасады. Маалыматка ылайык, бейрасмий жолугушуу Беларустагы маалымат каражаттарынын эркиндигине арналды.
БУУнун атайын баяндамачысы Беларустагы журналисттер бирикмесинин маалыматына таянып, 2020-жылы Минск жана башка шаарларда башаламандыкты чагылдырган 450дөн ашык журналист полиция жана ОМОН кызматкерлери тарабынан кармалып, жүзгө жакыны камакка алынганын билдирди. Өлкөдө 50дөй интернет баракчалар жабылган.
Тихановская жолугушууда сүйлөп жатып, эл аралык коомчулукту камактагы журналисттерди бошотууга салым кошууга чакырды.
Ошондой эле Беларус оппозициясынын өкүлү Тихановская БУУнун Коопсуздук кеңешинин атайын жыйынын өткөрүп, Беларустагы кырдаалды талкуулоого үндөдү.
Булак: NazarNews.kg