www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Уттар-Прадеш штатынын тогуз түрмөсүндө жаткан кылмышкерлер коронавирус эпидемиясынын болуп көрбөгөндөй жайылуусунан улам эркиндикке чыгуудан баш тартышты. Бул тууралуу India Today жазды.
Басылманын маалыматына караганда, эркинен ажыратылган 20 киши шарттуу түрдө боштондукка чыгуу укугунан баш тартышкан.
«Пандемия тушунда түрмөдө калуу коопсуз. Анткени мында тамак-аш, керектүү дары-дармек берилет. Такай медициналык кароо жүргүзүлүп турат», — деп соттолгондор расмий кайрылуусунда белгилешкен.
Түрмө системасынын башчысы Ананд Кумар абактагылар өз каалоосун талаптагыдай кат түрүндө билдиришкендиктен алардын позициясын кабыл алып, урматтоо зарыл экенин билдирди.
«Эркиндикке чыккандан кийин алар жашоо үчүн күрөшүүсү керек. Пандемия тушунда абал андан бетер курчуйт», — деген Кумар.
Боштондукка чыгуудан баш тарткандар штаттын тогуз, анын ичинде Газиабад, Гаутаме Буддх Нагар, Меерут, Махараджгандж, Горакхпур жана Лакхнау түрмөсүндө кармалып турушат.
Өлкөдө COVID-19 жугузгандардын жалпы саны 27,7 миллиондон ашты. Оору чыккандан бери 322,5 миң киши көз жумган. Май айынын башында күн сайын 414 миңден ашуун адамдан вирус табылып жатты.
Булак: NazarNews.kg