www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын авторлорунун бири Индира Асланова менен жакында эле кабыл алынган концепция боюнча маектештик.

- Жаңы кабыл алынган диний концепциянын артыкчылыгы эмнеде?

- Биринчиден, концепция мыйзам эмес экенин, ал мамлекеттин диний уюмдар менен мамилелерин түзө турган жана диний чөйрөдө келип чыккан чакырыктарга кандайча жооп берери тууралуу концептуалдык көз караш экенин түшүнүү керек.

Ушуга байланыштуу, 2021-жылдагы концепция 2014-жылдагы документке негизделди. Ошондой эле концепция жаңы кабыл алынган Конституциянын нормаларына негизделип, мамлекеттин укуктук жана светтик негиздерин чыңдоо, кызматташуу, билим берүү, массалык маалымат каражаттары жана чыр-чатактардын алдын алуу сыяктуу беш артыкчылыктуу милдетти чечүү жолдорун түзөт.

Концепцияда ошондой эле социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жарандык коомдун, аймактык уюмдардын жана мамлекеттин социалдык өнөктөштүгү катары калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү, экология, маданий жана диний эстеликтерди реставрациялоо маселелерине басым жасалды. Ошондой эле айырмалоочу өзгөчөлүгү маалыматтык жана билим берүү саясатын киргизүү болуп саналат.

- “Билим берүү” деп калдыңыз, буга чейин деле медреселердеги билим берүүгө көңүл бурулуп жатканы айтылып келген да...

- Ооба, буга чейинки концепцияда диний билим берүү мекемелериндеги окуу программаларын талдоо, сабак бергендердин билимин аныктоо, текшерүү каралган. Бул этеп-этабы менен ишке ашты. Бирок, мындан дагы жакшыртуу зарыл.

Албетте, бул улантылат. Мен үчүн билим жагынан Кыргызстандын дин тарыхын изилдөөгө багытталган изилдөөлөргө көңүл буруу, дем берүү, ошондой эле тийешелүү илимий мектептерди түзүү маанилүү.

Чынында концепция диний уюмдар менен аны ишке ашырууга жооптуу адамдар, мамлекеттик органдар менен да кеңири талкуудан өттү. Көптөгөн сунуштар, иш-чаралар планга киргизилип, азыр тактоо иштери жүрүп жатат.

- Буга чейинки концепциялардан айырмасы барбы?

- Негизинен, мен башында айтып өткөндөй, бул жолку концепция 2014-2020-жылга чейинки жазылган документтин уландысы. Бирок, мында экстремизмге каршы туруу милдети алынып салынды. Мунун бир нече себептери бар.

Биринчиден, экстремизмге каршы туруу боюнча министрлер кабинетинин так аткарыла турган планы бар. Экинчиден, экстремизм комплекстүү көрүнүш жана биз экстремизм менен диндердин бир катарда каралышын каалаган жокпуз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости