www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Сагындык Келдибаев менен Арзыбек Карыбеков парламенттик шайлоого талапкер болуудан баш тартты. Алар өздөрү жазган арыздын негизинде 5-ноябрда тизмеден чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Анын алдында Келдибаевдин орусиялык жарандыгы бар экени тууралуу "Апрель" телеканалы кабарлаган. Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов мурда анын жарандыгына байланышуу маселе каралып, кийин иликтөөнүн алкагында чечилген болушу мүмкүндүгүн айтты.

Келдибаев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына "Республика - Ата Журт" партиясынан депутат болуп шайланган. Жетинчи чакырылышка "Ынтымак" партиясынын тизмеси менен аттанган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет талапкерлер партиялык тизме жана бир мандаттуу округдардан ат салышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости