www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Астрология, нумерология, хиромантия илимин семичкедей чагып, таро жана ленорман картасынын жардамы менен бейтапка төлгө ачкан Индира Исманкулова айым бу жолу дубанын адамдарга тийгизген оң жана терс таасирлерин айтып берди   

-- Мамлекеттик жогорку кызматта иштеген адамдардын айрымдары күчтүү экстрасенстерге барып жолун ачтырып, келечегин билип, атургай анын жардамы менен саясаттагы атаандашын алсыратып койгон учурлар кездешет. Чындыгында андай дубакөйлөр да бар. Алардын дубасы сөзсүз таасирин тийгизбей койбойт. Бул боюнча бир кызык окуя эске түшөт.

Самара шаарында күчтүү экстрасенсттердин конгреси болуп, мен барган элем. Күнүгө жаан жаап жүдөтүп ийди. Юрий Анреевич деген адам баарыбызга “келгиле, мен дуба окуйун. Баарыбыз жаанды токтотуп, анан теплоход менен бир аз саякаттайлы” деди. Бул адам Санкт-Петербург шаарында “храм здоровье” деген медициналык борбордо иштейт экен. Кээде журналисттер кызыгып, бу кишиге “нөшөрлөп жаап аткан жаанды канча убакыттын ичинде токтото аласыз?” дегенде, “15 мүнөттүн ичинде” деп жооп берип, аны иш жүзүндө далилдеп койгон экен. Биз да кызыгып, “Юрий Андреевич, сиз ошо процессти Самара шаарына кайталай аласызбы?” дегенибизде, көз ачырбай жаап аткан жаанды 10-12 мүнөттүн ичинде токтотуп, артынан жаркыраган күндү көргөзүп койду. Дубанын күчү, дубанын касиети менен жаанды эле эмес, мамлекеттик маанидеги иштерди, ага аралашып жүргөн кызматкерлерди, керек болсо дубанын жардамы менен чириген байдын да жолун бууса болот. Мага келген мамлекеттик кызматкерлердин басымдуу бөлүгү өзүнүн кызмат абалына кызыгып, канча убакытка чейин иштээрин, аны көралбаган адамдарына дуба окуп берүүнү суранышат. Кээ бирөлөрү инвестиция тартуу жагын жана анын канча пайдасы бар экенин билгилери келишет. Мен ошондо толук маалымат берем. Бейтаптар дейбизби, кардарлар дейбизби, мага келип кеткенден кийин өздөрүн кадыресе жакшы сезип калат.

Булак: "Азия Ньюс" 


 

Последние новости