www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия Орусияга каршы санкция киргизүүдөн баш тартты

Индия Орусияга каршы санкция киргизүүдөн баш тартып АКШны таң калтырды. Бул тууралуу Asia Times басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Украинадагы окуяларга баа берүүдө Вашингтон менен Нью-Делинин ортосундагы пикир келишпестик Россия, Индия жана Кытайдын жакындашып жатканынан кабар берет.

"АКШнын санкцияларын колдоонун ордуна Индия Орусия менен рубль жана рупий түрүндө соода кылуу чечимин кабыл алып, жаңы инвестициялык механизмдер боюнча план иштеп чыкты", — деп айтылат макалада.

Автор Украина кризиси Индияга Америка менен достук жарылып кетчү бомбадай эле кооптуу экенин көрсөтүп койгонун кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости