www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кант шаарында өсүмдүк майын чыгаруучу ишкана ачылды

Ысык-Ата районунун Кант шаарында өсүмдүк майын чыгаруучу чакан ишкана ачылды. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ишкананын ачылышына айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, Ысык-Ата районунун акими Нуралы Курмантаев, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бек Жекшенбаев, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев жана башкалар катышышты.

Аталган ишкана суткасына 12 тоннадан ашуун өсүмдүк майын иштетип чыгаруучу өндүрүштүк кубаттуулукка ээ.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости