www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылы Өзбекстандын Кыргызстан менен чек арасында кошумча төрткө чейин өткөрүү пункттарын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине талапкер Жээнбек Кулубаев билдирди.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Сулайманов Чек-Абад айылында жабылып калган пост бар экенин айтты.
"Менин маалыматым боюнча, Кыргызстанга чек араны ачуу үчүн Өзбекстандын 40 адамдан турган делегациясы келет. Мен сиздерден жардам сурайм", - деди ал.
Жээнбек Кулубаев суроого жооп берип жатып, Өзбекстан менен Кыргызстандын өкмөт башчыларынын жолугушуусунда тиешелүү маселе көтөрүлгөнүн билдирди.
"Биз шарттарды карап чыгышыбыз керек, алардын тарабы кандай иш кылат, биздикилер эмне кылат. Биз бул маселени көптөн бери талкуулап келе жатабыз, быйыл үч-төрт өткөрүү пунктун ачууга шарт түзөбүз", - деп кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg