www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда улуттук экзамендердин жыйынтыгындагы техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу масштабдуу студенттик нааразылыктар күчөдү. Айрым маалыматтарда өлкө боюнча нааразылык акцияларына миллиондогон адам катышканы айтылат.

Нааразычылыкка экзамен жыйынтыктарынын жок болуп кетиши, маалыматтардын коопсуздугу жана абитуриенттердин университеттерге тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашы себеп болгону кабарланууда. Айрыкча Дели шаарындагы акциялар чоң масштабга жеткен.

Маалыматка ылайык, бийлик нааразычылыкты басаңдатуу үчүн талаптардын бир бөлүгүн кабыл алып, техникалык катачылыктан улам четтетилген абитуриенттердин жыйынтыктарын кайра эсепке алууга макул болгон.

Эксперттер бул окуяны санариптик системалардагы техникалык каталар миллиондогон адамдардын тагдырына түз таасир этип, коомдук-саясий кризиске айланышы мүмкүн экенинин мисалы катары баалашууда.

Последние новости