www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерине дене жаракатын келтирүүгө шектелген үч милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту менен кылмыш иши козголуп, тергөөнү Чүй ОИИББнин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуга дене жаракатын келтирген адамдар аныкталып, алар анын кызматташ кесиптештери экени белгилүү болгон. Алар Чүй ОИИББнин Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын полкунун кызматкерлери — 2000-жылы туулган П.у.Т., 2002-жылы туулган М.И. жана 2003-жылы туулган С.А. болуп чыккан.

Шектүүлөр Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Чүй ОИИББнин жетекчилиги кызматкерлер тарабынан мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бузуу фактыларына принципиалдуу мамиле жасаларын белгиледи. Мекеменин маалыматына караганда, кызматкердин ээлеген кызматына же атайын наамына карабастан, күнөөсү мыйзамдуу тартипте далилденсе, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Последние новости