www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Махараштра штатында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен жер көчкү жүрүп, 16 киши каза болуп, 100дөн ашуун кишини басып калды. Бул тууралуу NDTV телеканалы маалымдайт. 

Маалыматка ылайык, окуя 20-июлга караган түнү дөбөнүн этегинде жайгашкан Райгад окуругундагы Ирсалвади айылында болгон. Сел 30га жакын үйдү каптап, 75ке жакын адам куткарылган.

Ирсалвади алыскы аймакта жайгашкан, ага баруучу бирден-бир жол – бир километрге созулган жөө жүрүү жол. Бул куткаруучулардын ишин кыйындатат. Кошумчалай кетсек, аймакта жамгыр дагы эле жаап жатат, метеорологдор тынымсыз жааган жамгырдан улам аталган аймакты кооптуу деп жарыялады.

Мамлекеттик бийлик каза болгондордун жакындарына 6 миң доллар төлөй турганын жарыялады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости