www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бейшемби күнү Швециядагы Ирак элчилигинин алдында Куранды өрттөө акциясы өтүшү керек болчу, бирок ал ишке ашпай калган. Бул өтө нымдуу топурактан улам болушу мүмкүндүгү айтылды. Себеби ыйык китепти өртөөрдөн мурун аны бир нече жолу тебелешкен. Бул тууралуу швециялык TV4 телеканалы билдирди.
Стокгольмго Куранды өрттөө акциясын кайтаруу үчүн 130дай полиция кызматкерлери келди. Куранды өрттөй турган ирактык качкын Салван Момика шериги менен Ирак элчилигинин алдында турган.
Ал Куранды кайра-кайра тебелеп, тээп, анда-санда Швециянын желегин желбиретип жатты. Ошол эле маалда Момиканын жана дагы бир митингчинин Куранды өрттөөгө болгон бир нече аракети майнапсыз болгон, сыягы ал жерге тебеленгенден кийин өтө ным болуп калган.
Бирок Салван Момиканын шериги Курангы өрт койгондон бир канча убакыт өткөндөн кийин китептин бир барагы күйгөн.
Ирак бейшемби күнү Стокгольмдо Курандын өрттөлүшүнө нааразылык билдирип, Швециянын элчисин өлкөдөн чыгарып салды, анын натыйжасында жүздөгөн демонстранттар Ирактын баш калаасында Швециянын элчилигине чабуул жасап, өрттөлдү.
Ал эми, Швеция Ирактын бул өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын башчысын элчиликке кол салууга байланыштуу чакырды.
Белгилей кетсек, 28-июнда Ирактан келген 37 жаштагы Салван Момика аттуу иммигрант Стокгольмдун борборундагы собордук мечиттин жанында Куранды өрттөгөн. Ал киши Курандын барактарын айрып, алар менен бут кийимин сүртүп, китепке чочконун майын коюп, өрттөп салган. Бийлик бул иш-чараны мыйзамдуу, бирок "ылайыксыз" деп жарыялаган. Ирак Швециядан мусулмандар үчүн ыйык болгон китепти өрттөгөн иммигрантты экстрадициялоону талап кылган.
Булак: NazarNews.kg