www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын белгилүү астролог-божомолдоочусу Абигья Ананд 2024-жылдын аягына чейин катастрофалар, Кытай менен АКШнын ортосундагы согуш, табигый кырсыктар, Индия менен чектеш өлкөлөрдө чоң көйгөйлөр, нааразычылык акциялар, зордук-зомбулук, социалдык, коомдук байланыштардын үзүлүшү тагыраагы, дүйнөнүн тагдыры тууралуу жаңы божомолдорун айтып чыгууда.

Абигья Ананд 10 жашында Васту-шастра сабагынан бакалавр даражасын алган дүйнөдөгү эң жаш адамдардын бири. Ошондой эле ал дүйнөдөгү эң жаш астролог.

Ананд 2020-жылы “коронавирус пандемиясы”, "биржадагы ири кыйроолор" жана башка учурдагы болуп жаткан оор кырдаалдарды алдын ала айткан. Жаш астролог укмуштуудай тактык менен Гаити президентинин өлгөн күнүн так айтып, дүйнө элинин оозун ачырган. 

Бул ирет Абигья 2023 жана 2024-жылдын экинчи жарымында дүйнөлүк масштабда эмне болушу мүмкүн экендиги тууралуу маалымат берген. 2023-жыл 21-март Ай жылынын башталышы болгондуктан, жакынкы келечектеги ири өзгөрүүлөрдүн башталышы болуп саналат. Аяктоочу чекит 2024-жылдын 21-марты экендигин баса белгилеген.

Индия менен чектешкен өлкөлөрдө нааразычылык акциялар, зордук-зомбулук, социалдык байланыштардын бузулушу, төңкөрүш сыяктуу чоң көйгөйлөр катталып, Индиянын өзүндө от, шамал жана суу менен байланыштуу табигый кырсыктар орун алышы ыктымал. Андан сырткары, Индияга да таасир эте турган чоң жер титирөөлөрдүн цикли болушу мүмкүн экендигин эскерткен.

Абигья Ананд Кытай менен АКШда геосаясий маселе өтө курч болуп, эки мамлекет кагылыша турганын айткан. Жыл ичинде дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы аскердик операциялар элдин көңүлүн бурат. Кээ бир өлкөлөрдө жүгүртүүдөгү аскердик бюджет бир нече эсеге көбөйөт жана өлкөлөр да бул маселе боюнча конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизет. АКШ ар бир өлкөгө болгон таасирин жоготот. Европа бул көрүнүшкө бир канча убакытка чейин макул болуп, көз жумат, деген. 

Ананд өлкөлөрдөгү, улуу державалардагы лидерлик укугу үчүн атаандаштык күч алаарын айткан. Түндүк Америка континентинде өрт чыгып, ашыкча ысык болушу мүмкүн. Абанын тазалыгы маанилүү болуп калат. Африка континенти 20-40 жылдын ичинде өсүп-өнүгөт. 2024-жылдын апрелине чейин Японияда табигый кырсыктарга байланыштуу олуттуу нерсе болот, деп божомолдогон. 

Абигьянын айтымында, Россия жана Украина менен байланышкан окуялар реалдуу өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычынын бир түрү болуп саналат. Бул окуялар дүйнөнү өзгөртүү үчүн маанилүү экени айтылат деп баса белгилеген. 

Эске сала кетсек, индиялык белгилүү көзү ачык 2023-2024 жыл боло турган кырсыктар тууралуу дүйнө жүзүнө эскертүү берген. Тилекке каршы көпчүлүк катардагы жаңылык катары кабыл алган. 

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости