www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиялык көзү жана астролог Пунит Нахата өз мекенинде гана эмес, бүт дүйнөгө таанымал. Анын кеңештерин айрым ири саясатчылар, атактуулар жана бизнесмендер колдонушат.

Ал 2019-жылы бүткүл дүйнөгө тараган ковид пандемиясын 2017-жылы айткан. Ошондой эле Пунит Түркияда 2023-жылы болгон күчтүү жер титирөөнү алдын ала маалымдаган.

Жакында эле ал жаңы божомолдору менен бөлүшкөн. Пунит Нахатанын көптөгөн божомолдору Россияга тиешелүү. Анын айтымында, Россия менен Украина тынчтык келишимине 2024-жылдын жай айларында гана кол коюшат. Украина аларга эч ким жардам бербестигин жана Россияга гана таяна аларын түшүнөт. Ага чейин, 2023-2024-жылдары кышында Украина менен анын “куратору” – АКШнын мамилеси олуттуу түрдө начарлайт.  Атайын аскердик операциядан кийинки жылдар Россия үчүн "алтын доор" болуп калат. Кийинки 16 жылда Россияны тынчтык жана гүлдөп өнүгүү мезгили күтүп жатат, ал башка өлкөлөргө үлгү болору айтылат.

Көзү ачык ошондой эле 2028-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча согуштардын саны кыйла азаят деп болжолдогон, анткени эл тынчтыкта ​​жашаган жакшы экенин түшүнөт. 2030-жылга чейин окумуштуулар рактын дабасын ойлоп табышат жана бул оору адам өмүрүн албай калат. Бирок дүйнөдө дагы бир оору пайда болуп, ал андан да коркунучтуу болору айтылат.

2050-жылга чейин адамзат космосто көптөгөн укмуштуудай ачылыштарды күтүп жатат. Жасалма интеллект жакшырат жана бул көптөгөн адамдардын жашоосун өзгөртөт.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости