www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезиянын Түштүк Сулавеси провинциясындагы суу ташкыны жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 36 адамга жетти. Кырсыктын кесепетинен 3 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Бу тууралуу чет элдик басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 16 адам дагы деле дайынсыз болуп, изделүүдө. Издөө жана эвакуациялоо иштерине 359 куткаруучу тартылган.

Табигый кырсыктан улам 4 миңден ашуун үйдү сел жана кум каптап, 3 миңден ашуун тургундар коопсуз жайга көчүшкөн. Мындан тышкары, суу ташкыны 13 чакырымдык жолду, 9 көпүрөнү, 13 диний жана 9 мектептин имаратын, 8 кызматтык имаратты, 2 коомдук имаратты жана базар комплекстерин каптаган деп айтылат маалыматта.

Суу ташкыны дүйшөмбү күнү, 13-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам башталган. Анда үч дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлүп, жээкке ашып, суулар турак үйлөрдү каптаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости