www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезиянын жарандары Жакарта шаарындагы парламенттин имаратынын жанына митингге чогулушту. Алар жаңы кылмыш кодексиндеги чектөөлөргө каршы, деп маалымдайт «BBC».

Бул өлкөнүн парламенти жаңы кылмыш кодексин бекиткен болчу. Анда некеси жок туруп бирге жашаган жана жыныстык катнашка барган жарандарды 1 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган. Ошондой эле президенттин дарегине шылдың сөз айтып, мамлекеттик идеологияга каршы чыккандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат деп жазылган.

Укук коргоочулар бул чектөөлөр адамдардын укугун бузат деп белгилеп жатышат.

Азия боюнча укук коргоочу топтун жетекчиси Элейн Пирсон «Би-би-си» редакциясынын журналисттерине жаңы кодекс тууралуу: «Мусулмадардын заманбап демократиясын көрсөтүүнү аракет кылган өлкө үчүн эң чоң ийгиликсиз чечим», - деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости