www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноябрда Россиядан 16 кыргызстандыктын сөөгү келди

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында 16 кыргызстандыктын сөөгү Россиядан мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги маалымдады.

Мекеменин соңку бир айга карата жарыялаган отчетунда элчиликтин кызматкерлери кыргызстандыктар аралашкан 55 териштирүү ишине катышып, мыйзам бузууга шектүү деп кармалган 26 мекендешти бошотууга жардам берген. Кыргызстандын үч жаранын Россия аймагынан чыгаруу боюнча соттук чечимдер жокко чыгарылып, турмуштук оор абалда калган жети жаранга документ тапшырылып, мекенине кайтарылган.

Элчиликтин кызматкерлери Воронеж, Тверь, Оренбург, Рязань, Липецк облустарындагы абактарда жаткан 85 кыргызстандык менен жолугушуп, баарлашкан.

Ээлчилик 2021-жылдын 29-декабрына чейин Россияга келген кыргызстандыктар кийинки жылдын 10-январына чейин бир катар процедуралардан өтүшү керектигин эскерткен. Бул процедура быйыл жайында Россиянын миграция мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу экендиги айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости