www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук телерадиокорпорация бүгүн «Ааламдашуу шартындагы медиа» деп аталган форум өткөрдү, ага элчилер жана Британия, Түркия, Борбор Азиялык башка жумурияттардан коноктор келип, КТРди мактап, аны эң мыкты медиа деп атады. Мындай форумду «Азаттык» же башка уюм өткөрсө, эң алдыңкы медиа деп ошолор аталмак.

Салтанаттуу ачылыштан кийин өткөн талкуу учурунда – КТРдин ичинде өтүп жаткан жыйында КТРдеги цензура жөнүндө сөз кылбаш керек деп да атуу-баштуу адамдар билдирди. Андан да кызык талаш блогерлер жөнүндө болду. Негедир сүйлөгөндүн баары – блогерлер буйрутма менен гана иштейт, алар өтө бай, анткени аларга байлар буйрук берет деген пикирде болуп чыкты.

Бирок байлар кадимки журналисттерди да башкарат жана буйрутма менен иштегенди блогерлер журналисттерден үйрөнгөн. Бирок, журналисттер сыяктуу эле, блогерлер дагы ар башка, бай эместери дагы көп. Коом кандай болсо, блогерлер дагы ошондой. Маселе: ар бир адам – блогер, журналист, мугалим, врач же саясатчы болобу – өз милдетин таза жана жоопкерчиликтүү аткарса.

Последние новости