www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезиялык Citilink авиакомпаниясы (лоукостер) Индонезия менен Өзбекстандын ортосунда аба каттамын ачууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын өкүлдөрү менен Citilink'тин коммерциялык директору Ихван Агус жолукканда сөз болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Индонезия тарапка "Умра-плюс" жана "Өзбекстан-плюс" зыярат-туризми программасынын алкагында Бухара же Самарканд аркылуу транзит уюштуруу мүмкүндүгү тууралуу кеңири маалымат берилди.

Citilink компаниясынын коммерциялык директору мындай мүмкүнчүлүктү өтө келечектүү деп баалады. "Индонезиялык жарандар Стамбул аркылуу Жидда шаарына бир типтүү сапарлардан чарчады. Ислам цивилизациясынын популярдуу аймагы эсептелген Өзбекстан аркылуу өтө турган каттам – чоң суроо-талапка ээ болот деп ойлойм", – деди Агус.

Citilink’тин директору кошумча учактарды ижарага алуу мүмкүндүгүн талкуулоо үчүн өзбек тарапка Garuda Indonesia компаниясынын жетекчилигинин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өткөрүүнү сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости