www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда Twitter расмий түрдө бөгөттөн чыгарылды

1-августтан тарта Өзбекстанда Twitter, WeChat жана VK (Вконтакте) социалдык түйүндөрү расмий түрдө бөгөттөн чыгарылды. Бул тууралуу өлкөнүн Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, учурда Өзбекстандын бийлиги TikTok платформасы менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Агенттик ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берүүнү убадалады.

"Бөгөттөө – өнүгүүгө зыян гана алып келет", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Былтыр 2-июлда "Персоналдык маалыматтар тууралуу" мыйзамдын 27-беренесинин талабына байланыштуу айрым соцтүйүндөрдүн ишине чектөө киргизилгени кабарланган.

Бул мыйзамдын негизинде "Узкомнозорат" ишканасы Facebook, Google, Mail.ru, Microsoft Skype, Telegram, Tencent Wechat, TikTok, Twitter жана Яндекс компанияларына Өзбекстандын мыйзамдарындагы талаптарды сактоо тууралуу эскертүү берген.

2021-жылы ноябрда өлкөдө Telegram, Facebook, YouTube жана "Одноклассники" түйүндөрү ишин токтоткон. Ага чейин Skype, Twitter, TikTok, "ВКонтакте" жана WeChat’ка тыюу салынган.

"Узкомназораттын" сайтында жогорудагы социалдык түйүндөр жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын бузуучулардын реестрине киргизилгени тууралуу расмий маалымат жарыяланган.

Социалдык түйүндөргө тыюу салынгандан кийин өлкөнүн маалыматтык технологияларды өнүктүрүү министри Шухрат Содиков, премьер-министрдин кеңешчиси Олимжон Умаров жана "Узкомнозораттын" башчысы Голибшер Зияев кызматтан алынган.

Анда президент Шавкат Мирзиёевдин басма сөз катчысы Шерзод Асадов мамлекет башчысы чектөөлөр тууралуу уккандан кийин алардын ишин калыбына келтирүү буйругун бергенин билдирген.

Асадовдун айтымында, Мирзиёев "Узкомнозораттын" бул чечимин "бир тараптуу жана ойлонулбаган аракет" деп баалаган. Бирок буга карабастан Өзбекстанда айрым социалдык түйүндөр акыркы сегиз айдан бери бөгөттөлгөн бойдон калган.

Азырынча соцтармактардын бөгөттөлүшүнө негиз болгон серверлерди өлкө аймагына жайгаштыруу тууралуу өзбек бийлигинин талабы аткарылган-аткарылбаганы белгисиз. Расмий билдирүүдө былтыр кабыл алынган мыйзамга кандайдыр бир өзгөртүүлөр киргизилген-киргизилбегени да жазылган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости