www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте атып өлтүрүлгөн айдоочу боюнча иштин алкагында укук коргоо органдарынын 22 кызматкери жоопко тартылды. Бул тууралуу ЖКнын транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында ИИМ жетекчисинин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымына караганда, министрлик кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Ал ошондой эле патрулдук милициянын төрт кызматкери жана жаранды өлтүрүүгө шектелип жаткан тартип сакчы УКМКнын тергөө абагында экенин эске салды.

Абдиев алардан башка дагы бир кызматкер ички иштер органдарынан кетирилгенин, 9 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулганын, дагы 12 милиционерге түрдүү дисциплинардык чара көрүлгөнүн кошумчалады.

Депутат Нурбек Тотонов ИИМге инспекторлор жарандар менен тил табышуусу үчүн маал-маалы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турууну сунуштады.

Эске салсак, 27-август күнү Бишкекте Кайгуул кызматынын инспектору менен чатакташа кеткен жаранга табелдик куралдын огу тийип көз жумган. Милициянын маалыматына караганда, окуя саат 21.30дарда Жибек жолу менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, бирок жаракат алган адамдын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.

Аталган факт боюнча КР Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чаап колдонуу") ылайык кылмыш иши козголуп, шектүү катары кенже инспектор Д.Ж. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кийинчерээк бул ишти кароо милдети УКМКга өткөрүп берилип, аны атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости