www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу боюнча Өзбекстан Республикасынын жараны Ш.Н.Ш. аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК жана Ош облустук ИИБ тарабынан интернет тармагына мониторинг жана талдоо жүргүзүү боюнча биргелешкен ыкчам иш - чаралардын жүрүшүндө Инстаграм жана ТикТок социалдык тармактарынын активдүү колдонуучусунун баракчаларында экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү материалдар боюнча маалымат алынган.

 Аталган факт боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинде ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, анын алкагында тийиштүү экспертиза жүргүзүлгөн, жыйынтыгында бул материалдар Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган ((Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими, 13-февраль, 2015-жыл) "ИМ" ЭТУга тиешелүү деп табылган. 

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында соц.баракчанын колдонуучу Өзбекстан Республикасынын жараны 1997-жылы туулган Ш.Н.Ш. тарабынан социалдык тармактар аркылуу динчил аялдардын баш кийими – «никаб» сатылып, аудио коштоосунда жихадчылык мүнөздөгү «нашиддер» жарнамаланган.

Учурда аталган жаран кармалып, ИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Последние новости