www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев Көлбаев боюнча айтканына түшүндүрмө берди

Бүгүн, 18-январда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевдин кандай жагдайда жок кылынганын айтып берди.

«Айрым журналисттер, өзгөчө батыш журналисттери менин сөзүмдү жеке өзүм көрсөтмө бергендей же кандайдыр бир буйрукка кол койгондой, же болбосо Көлбаевди буйрук менен жок кылгандай кылып беришти. 

Албетте, андай эмес. Биз мыйзамга ылайык өз милдеттерибизди аткарып жатабыз. Ооба, чынында эле Көлбаев 2023-жылдын 4-октябрында жок кылынган. Эми баары түшүнүктүү болуш үчүн жагдайларды айтып берейин.

2023-жылдын 4-октябрында биздин кызматкерлердин тобу Көлбаевди Дөө Чыңгызды (Чыңгыз Жумагулов) өлтүрүүгө катыштыгы боюнча тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн алып келиши керек болчу. Башкача айтканда, бизде анын Дөө Чыңгыздын өлүмүнө тиешеси бар деген конкреттүү маалыматтар, конкреттүү далилдер бар болчу.

Биздин кызматкерлер Blonder Pub ресто-барында отурган Асанбекке барганда, анын күзөтчүлөрү (ал дайыма күзөтчүлөр менен жүрчү) биздин кызматкерлерге тоскоол болушкан. Албетте «Альфанын» аскерлери спорттук чеберчиликтерин колдонушуп, анын күзөтчүлөрүн токтотушкан. Андан соң, ага барышканда ал кошумча эшик менен кеткени жаткан. Кызматкерлер кирип калган учурда ок чыгарган. «Альфа» тобу кызматтык куралын колдонуп, аны токтотууга аракет кылышкан. Ал жаракат алып, каза болгон.

Мен дайыма кызматкерлерге ар кандай атайын иш-чараларын жүргүзүүдө, башкача айтканда, кармоодо, атайын иш-чараларды өткөрүүдө кызматкерлерге жана жетекчилерге куралдуу каршылык көрсөтүп жаткан адамдарды кармоого аракет кылбагыла деп дайыма айтам. Эгер ал адам кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч жаратса, алар кызматтык куралын колдонушу керек болот»,- деди Ташиев. 

Последние новости