www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов институттун кызматкерлери менен биргеликте “Бишкек Арена” улуттук футбол стадионундагы курулуш конструкцияларынын иши менен жеринен таанышып чыкты.

Долбоорлоо жана курулуш иштерине чет өлкөлүк компаниялар да катышып жаткандыктан, институттун адистери стадиондун курулушунда колдонулуп жаткан инженердик жана конструктивдик чечимдерге, ошондой эле бул спорттук объектти тургузууда пайдаланылып жаткан заманбап технологияларга көңүл бурушту.

Белгилей кетсек, курулуп жаткан стадион Борбор Азиядагы эң ири долбоор жана ал 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Жалпы аянты 170 миң чарчы метр, ал эми бийиктиги 70 метрди түзөт.

Последние новости