www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 3-февраль күнү Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда кызматтык тартипти бекемдөө, мыйзамдуулукту сактоо жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө багытында жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлары Сматов Урматбек жана Мусаев Анарбек катышып, ички иштер органдарынын кызматкерлерине коюлган талаптар, кесиптик этика жана кызматтык жоопкерчилик боюнча кеңири маалымат беришти.

Жыйындын жүрүшүндө өздүк курамга мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, коррупциянын алдын алуу, кызматкерлерди турак жай менен камсыздоо кепилдиктери, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш жүргүзүү, санариптик багытта иш алып баруу, ИИМдин лицензияларды жана уруксаттарды берүү тартиби, ошондой эле эмгектик жарамсыздык баракчасын ачтыруунун жол-жоболору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Көйгөйлүү маселелер боюнча суроо-жооп уюштурулду.

Иш-чаранын соңунда саптык кароо өткөрүлүп, кызматкерлердин кызматтык кийим кийүү тартиби, ыкчам-тергөө топторунун шаймандары жана тийиштүү буйруктардын талаптарына ылайык келүүсү текшерилди

 

Последние новости