www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Инсульттун дарысы табылды...

Кээ бирөөлөр мен кант диабети, аккан менен ооруйм. Менден кан алууга болбойт. Кескен жер бүтпөй, ырбап кетиши мүмкүн деп коркушат. Кант диабети, ак канды, ал түгүл көздүн карегин эт, чел басып, тунарып көрбөй калуусун дагы кан алуу менен жакшыртса болот.

Анткени, кан коюланып кеткенде көздүн майда кан тамырларына кан жетпей калып, көздүн көрүүсү начарлайт. Кан алганда канга кошо туман болуп жаткан көбүктөр чыгат. Көп жылдан бери аким болуп иштеген кишиден төрт жолу көзүнүн кан алдым. Башында баласы жетелеп келсе, кийин көзү жакшы көрүп, өзү эле келип жүрдү.  Кээде инсульт же инфаркт болуп, тилден калып калгандар кайрылышат. Тилден кан алуу опурталдуу болсо дагы, кээде кан алууга туура келет. Керек болсо кан алуу аркылуу баспаган нарындык баланы бастырып койдум. Башка балдардай болуп чуркап калганына жетине албай, алкышын айтып, сакайып кетти.

  Остеохандроздон жабыр тарткандарды дагы далысынан, желкесинен кан алса, туз менен май басып калган майда кан тамырларга кан барып, желкесинен тонналаган жүктү алып салгандай эле болот.  Айыл жеринен ашыкча эле кандарын алдырып, азабын тарткандар келишет. "Баланча дарыгерге кан алдыргандан бери башым айланып, өзүмө келе албай жатам" дешет. Анча канча алган туура эмес. Мен жетигип келгенинен 50 гр эле албасам көпчүлүк учурда 10 граммдын тегерегинде эле кан алам. Кан кара кочкул болуп эле чыкпастан денедеги сары суу жана кандагы уулу заттар кошо чыгат. Бүткөндөн кийин банканы бейтаптарга көрсөтсөң желедей болгон халистриндерди көрүп, ушунун баары кан менен чыктыбы деп таң калышат. 

Негизи адам баласы кырк жаштан өтүп же кан басымы жогорулап калганда бир жылда бир же эки жолу күзгө маал кан алдыртса жакшы эффект берет. Көп ооруну алдын алат, дейт элдик даарыгер Кабылжан Юлдашев.

Булак: "NazarNews"

Последние новости