www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беловодск айылындагы интернатта баланын сабалышын иликтөөгө жарандык коомдун өкүлдөрү да катышат. Бул тууралуу 20-февралда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, Москва райондук ички иштер башкармалыгы 2011-жылы туулган балага карата зордук-зомбулук жана ырайымсыз мамиле болгонбу же жокпу, териштирип жатат.
"Ички иликтөө болуп, комиссия тарабынан баланын денесинен көкала тактар аныкталган. Балдардын тобу менен иштеген кызматкерлерге өз милдетин так аткарбагандыгы үчүн дисциплинардык чаралар көрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Муну менен катар аталган ишти кароо үчүн министрлик тарабынан ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Анын курамына жарандык коомдун өкүлдөрү дагы тартылды.
Белгилей кетсек, Беловодск айылындагы интернатта 9 жаштагы баланын кулак түбүндөгү тактар тартылган сүрөт азыр социалдык түйүндөрдө тарап жатат. Айрым маалымат каражаттары ал баланын апасы милицияга кайрылып, уулу зомбулукка кабылганын айтып бергенин жазышкан.
Булак: NazarNews.kg