www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-июнда Бишкекте "#Reакция 3.0" деп аталган нааразычылык акциясы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар социалдык тармактар аркылуу билдиришти.

Уюштуруучулардын айтымында, митинг “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы уюштурулуп жатат. Жүрүш "Эркиндик" сейил багынан башталып, парламент имаратынын жанында аяктайт.

Белгилей кетсек, бүгүн  Бишкекте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Анын арасында "Эркиндик" сейил багы дагы бар экенин жарыялады.Жарандык коом, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, аталган мыйзам долбоору 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алынган. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул мыйзам "сөз эркиндигине каршы багытталат" деп сындап жатышат.

Авторлор өздөрү мыйзам жеке адамдын намысын, абийирин Интернеттеги ушак, жалаалардан коргоого өбөлгө болот деген негиз келтиришкен.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Эгемен өлкөбүздүн тарыхындагы жалгыз жетишкендигибиз, такта башын ээлегенибиз бул жалгыз сөз эркиндиги! Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары бул жалгыз байлыгыбызга кол салышты! Сабатсыздар жазган мыйзамды колдоп, сынды тике карап айткан намысыбыз жок болуу коркунучуна алып келишти! Биз бул #фейкмыйзамга каршыбыз! Каршы пикирибизди билдирип чогулабыз. Өз намысыбызды, эркиндигибизди колдой билели! #REакция менен бирге "Эркиндик маршына" катыш!

Публикация от #Тажадым (@tajadymm)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости