www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан коңшу мамлекеттердин атайын кызматтары менен биргеликте Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын аймактарына психотроптук заттарды жайылтуучу туруктуу баңгилик топторду кармап, жок кылуу боюнча бир нече операциялар өткөрүлгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу баңгилик лабораториялар аныкталып, бөгөттөлүп, натыйжада 30 кг ашуун баңгизат каражаттар жана психотпроптук заттар алынган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Интернет мейкиндигине мониторинг жасоо багытында жигердүү жумуш жүргүзүлүп жаткандыгы байкалат, баңгизаттарды сатуу боюнча онлайн-дүкөндөр аныкталып, 30 дүкөндүн мүмкүнчектерине бөгөт коюлган. Башкармалыктын кызматкерлери Darknet, ViPole, Telegram жана башка интернет аянттарында тыюу салынган заттарды сатуучу жактарды аныктоо үчүн дайыма мониторинг жүргүзүп турушат. 


Кезектеги мониторинг жүргүзүү учурунда 2021-жылдын декабрында Бишкек шаарында интернет дүкөн аныкталып, ал жактан башкармалыктын кызматкерлери тарабынан, 10 млн. сумманы түзүүчү, синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу, өндүрүүчү баңгилик лабораторияга бөгөт коюлган.

Азыркы күндө баңгизат каражаттарды жана психотроптук заттарды таркатуучу интернет-дүкөндөрдү уюштуруучулар жана ага тиешеси бар жактар аныкталган, “Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана “Кыргызстандын чек арасы аркылуу өтүүнүн атайын эрежелерине кирүүчү предметтердин контрабандасы” беренеси боюнча фактылар катталган.

Компетенттүү органдар жана Прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү максатында, интернет аянттарында баңгизат каражаттарды сатуучу, интернет-дүкөндөргө бөгөт коюу боюнча механизм иштелүүдө. 


Азыркы учурда башкармалык тарабынан интернет мейкиндигиндеги кылмыштарды токтотуу, синтетикалык баңгизаттарды өңдүрүүчү баңгилик лабораторияларды уюштурган жактарды аныктоо жана кармоо, ошондой эле башка мамлекеттердин укук коргоо органдары менен эл аралык баңгилик топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости