www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2022-2023-жылдарга эки жылдык кызматташтык келишимине кол койду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 16-мартынан 19-мартына чейин КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркияда иш сапары менен болуп, саламаттык сактоо жана миграция маселелери боюнча “Качкындардын жана мигранттардын ден соолугун коргоо концепциясын биргеликте түзүү” жыйынына катышты.

Бул жолугушуунун алкагында 16-мартта министр ДССУнун Европалык аймактык бюросунун директору доктор Ханс Клюге менен жолугушуп, тараптар 2022-2023-жылдарга КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен ДССУнун Европадагы аймактык бюросу ортосундагы эки жылдык кызматташуу келишимине кол коюшту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости