www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Улан Бердибаевич, жыл али ортолой электе баалар кескин өсүп кетти. Ушундай шартта инфляцияны кантип ооздуктаса болот?

- Тийешелүү органдар, тактап айтканда, Улуттук банк, экономика министрлиги инфляцияны оозуктаганга болгон иш-аракетин жумшоолору керек. Чындыгында эле инфляция бат өсүүдө. Ошол эле учурда биз айлык акыларды, пенсия, жөлөк пулдарды ага шайкеш келтирүүгө аракет кылуубуз зарыл.

Албетте, бул дүйнө жүзүндө болуп аткан процесс. Аны такыр эле ооздуктап коюш кыйын. Бирок, ошентсе да аны кайсы бир деңгээлде кармасак болот.

- Инфляцияга каршы күрөшүүнүн бир чарасы катары бааларды жөнгө салуу сунушталып жатат. Бул өз кезегинде товарлардын таңкыстыгына алып келбейби?

- Бүгүнкү күндө Россия менен Украинанын ортосундагы кризис бизге да өз таасирин тийгизүүдө. Экономика, азык-түлүк коопсуздугу жагынан. Эгер министрлер кабинети өз учурунда чараларды көрбөсө, чындыгында эле таңкыстык пайда болуп калышы мүмкүн.

- Бюджет каралып жатканда ушундай жагдайлар эске алынды беле?

- Жок. Чындыгында мындай кырдаал болорун эч ким күткөн эмес.

Булак: Азия News гезити

Последние новости