www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайрат Боранбаевдин бөгөт чарасы каралып, ал эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Eurasia Today жазып чыкты. Расмий маалыматта Боранбаев "мамлекет менен бирге түзүлгөн ишканадан ири суммадагы каражатты уурдаган" деп айыпталып жатканы жазылган.

Боранбаев кармалганын жергиликтүү басылмалар 15-мартта кабарлаган. 17-мартта "Целинный" маданият борбору анын ишин калыс тергөө өтүнүчү менен президент Касым-Жомарт Токаевге кат жолдогон.

Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы мурдагы президенттин небереси Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан. Айсултан 2020-жылы Лондондо каза болгон жана британ басылмалары ал кокаинге ууланып өлгөнүн кабарлаган.

Боранбаев 2016-жылдан бери Казакстандын эң бай адамдарынын катарын толуктайт. Ал McDonald’s брендин казак жергесинде франчайзинг ыкмасында иштетет. Өзү “Алмалы” активдерди башкаруу компаниясына, "Кемикал" мунай-химиялык компаниясы, “Алекс” минералдык суу чыгаруу ишканасына ээлик кылат. Мындан сырткары Phystech II акционердик коому жана “КазТурбоРемонт” холдинг компанияларында үлүштөрү бар.

Бизнесмен башкалар менен чогуу кожоюндук кылган Караганды шаарындагы фармацевтикалык комплекс Орусиянын өндүрүшүндөгү коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өз алдынча чыгарат. Аны казак мамлекеттик мекемелери сатып алат.

Боранбаевдин кармалганы тууралуу маалымат сот Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдыны эки айга камакка алуу чечимин чыгаргандан көп өтпөй пайда болду. 13-мартта Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Сатыбалды кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана "Казактелеком" ишканасынан ири өлчөмдө акча кымырууга шектелип кармалганын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости