www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Германиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Германия экономикасынын Чыгыш комитети өлкөнүн 350дөн ашык орто жана ири компанияларын камтыйт жана 29 мамлекетте, анын ичинде КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрү менен иш алып барат.
Жолугушуу учурунда кыргыз-герман кызматташтыгынын бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу сөз болду. Дүйнөдөгү саясий жана экономикалык абал жөнүндө, анын ичинде Орусия менен Украина ортосундагы жаңжалдын кесепеттери тууралуу пикир алмашуу болду.
Элчи Текебаев азыркы тапта эки мамлекет ортосунда соода-экономикалык кызматташтык потенциалы толук түрдө колдонулбай келээрин жана анын дарамети чоң экенин баса белгиледи. Германия экономикасынын өкүлүнө Кыргызстанда өз ара пайдалуу долбоорлор тууралуу айтып, аларды биргелешип ишке ашырууга чакырды.
Андан тышкары, Кыргызстан менен Германия ишкерлеринин түздөн-түз байланышын арттыруу максатында 2022-жылдын май айында Бишкекте өтө турган кыргыз-герман бизнес-форумун өткөрүү тууралуу жана Кыргыз-герман ишкерлер кеңешин түзүү маселеси талкууланды.
Булак: NazarNews.kg