www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жашаган дареги айтылды

Интернетте экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жаңы сүрөтү пайда болду. Сүрөттү анын өнөктөшү, КСДПнын лидери Темирлан Султанбеков Фейсбук баракчасына жарыялады.

Сүрөттө Алмазбек Атамбаев, Испания өкмөтүнүн башчысы Педро Санчес жана Султанбековду көрүүгө болот.

«Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Испания өкмөтүнүн башчысы Санчес менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Бир катар маселелер талкууланып, өз ара колдоо көрсөтүлдү. Мындан тышкары, Атамбаев дарылануу процесси жана күтүлүп жаткан процедуралар тууралуу айтып берди», - деп жазган автор сүрөттүн астына.

Маалымат үчүн айта кетсек, Атамбаев 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча 2020-жылы 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган.

Мындан тышкары, ага 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон баш аламандык, коррупция жана «акча адалдоо» жана түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү боюнча иштер боюнча айыптар тагылган.

2022-жылдын 16-июнунда Атамбаев Бишкектин Калис-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү боюнча козголгон кылмыш иши боюнча акталган.

2022-жылдын 28-июнунда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Атамбаевди 2020-жылдын октябрь айында массалык башаламандык уюштурган деген айып боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандыктан актаган.

Алмазбек Атамбаевдин тушунда премьер-министр болгон Сооронбай Жээнбеков 2017-2020-жылдары өлкөнүн президенти кызматын аркалап, бийликке келгенде Атамбаевди каматкан.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 14-февралында мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев абактан бошотулган. Муну президент Садыр Жапаров Атамбаевдин дарыланууга муктаждыгы менен түшүндүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости