www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында баңгизатын ташып жана таратып жүргөн жаранда кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун Ивановка айылында М.М.К. аттуу жарандын унаасынан 152 грамм салмактагы кара куурайдын өзгөчө жыты бар 10 ширенке кутусу жана 200 миң сомдон ашык акча каражаты табылып алынган.

«Мындан тышкары кармалган жарандын Бишкек шаарында жашаган үйүнө тинтүү иштеринин жүргүзүү учурунда 496 грамм салмактагы баңгизаты табылган. Натыйжада алынган заттын жалпы салмагы болжол менен 650 грамм болгон, ал 1 миллион 300 миң сомго жакын каражатты түзгөн», — деп айтылат маалыматта.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости