www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун президенти Александр Лукашенко 2025-жылдагы шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу “Пуль Первого” басылмасы жазды.

Лукашенконун айтымында, азыр анын отставкасы чыккынчылыкка барабар болгон учур.

"Абал канчалык оор болсо, алар (оппозиция) коомубузду канчалык «чалашып», ортобузга конфликт жаратууга аракет кылышса, менин шайлоого катышуум ошончолук чечкиндүү болот", - деди ал.

Ал ошондой эле бул жагдай көпчүлүккө жакпай турганын мойнуна алды.

"Мен келишимдердин жана чечимдердин аткарылышын катуу талап кылам. Эгерде алар аткарылбаса, бийликтин бүт структурасы талкаланып, коом кризиске "чөгүү" болот. Мен муну абдан жакшы түшүнөм", - деди Беларус лидери.

Эске сала кетсек, буга чейин Лукашенко Беларусь ыктымал согушка даяр болушу керек деп айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости