www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернетте айрым социалдык тармактын колдонуучулары мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду колдогон флешмоб уюштурушту. "Сапар Исаковдон колуңду тарт", "Мен ишенбейм" сыяктуу орусча хэштег менен жазылган билдирүүлөр айрыкча "Фейсбукта" көп жазылып, Исаков күнөөсүз деген тариздеги билдирүүлөр жазылууда. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
29-майда Сапар Исаковго Бишкектин Жылуулук электр борборуна байланышкан (ЖЭБ) кылмыш ишинин алкагында айыбы угузулду. Ал "Президенттик аппараттын бөлүм башчысы болуп турган кезинде коррупцияга жол берген" деп айыпталууда. Мурдагы премьердин бөгөт чарасы катары андан эч жакка кетпей тургандыгы тууралуу тил кат алынган.
41 жаштагы Сапар Исаков - экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Атамбаев өлкө башында кезде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, аппараттын жетекчиси болуп, 2017-жылы премьер-министрликти аркалаган.
Быйыл апрелде парламент Исаковду ишеним көрсөтпөө жолу менен өкмөт башчылыктан кетирген.
Сапар Исаков өзүнө карата айыптоолорду саясат менен байланыштырып, куугунтук деп сыпаттап келүүдө.
Булак: NazarNews.kg