www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соцтармактарда “келечектен келген адам” тууралуу видеолор кызуу талкууда. Тактап айтканда “Хавьер” аттуу адам 2027-жылдан келип, адамдар жок, бош шаарларда жашап жатат” деген видеолор жана посттор кеңири таркалууда. Анын айтымында 2025-жылы, 27-ноябрда жер шаарына башка планетадан адамдар келип адамзатка кол салат жана тыптыйпыл жок болот, деген ар кандай тасмалар тараган.
Айрым видеолордо Илон Маскка шилтеме берилген, ал окуя тууралуу айтып жаткандай көрсөтүлгөн.
Чындыгында Илон Маск расмий билдирген эмес. Анын атынан чыгарылган видеолор жана посттор монтаждалган жана фейк.
TikTok жана YouTube видеолору фантастика. Видеолор компьютердик эффекттер жана программалар аркылуу жасалган.
Документалдык далилдер жок. “Бош шаарлар”, “Ватикан архивдерине кирүү” жана “1925-жылдын астероиди” тууралуу маалыматтар далилденген эмес.
Бул окуя толугу менен интернет мифтери жана фантастикалык сценарий катары каралышы керек. Чыныгы маалымат менен адашпоo үчүн расмий булактарга таянуу маанилүү.
Бул окуя — фантастика жана интернет мифтери тууралуу баяндама катары гана каралышы керек. Расмий булактарга таянуу менен гана чыныгы фактыларды билүүгө болот. Андыктан соцтармактын колдонуучулары фейк маалыматтарды өздөрүнө жакын албоосу зарыл.