www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
OCCRP уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан бийлиги Interpol'го Kloop медианын тең негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси Ринат Тухватшинге издөө жарыялоо боюнча өтүнүчүн жөнөткөн.
Бирок Interpol өкүлү Сэмюэл Хит билдиргендей, Кыргызстан жөнөткөн бул өтүнүч четке кагылган.
"Interpol уставында биздин системаны саясий максаттарда колдонууга тыюу салган так жобо бар. Ошондуктан “кызыл билдирүү” тууралуу өтүнүч четке кагылды", — деди ал.Ошентсе да OCCRPнын маалыматы боюнча, Тухватшинге байланышкан издөө кээ бир өлкөлөрдүн маалымат базасында бир топ убакыт “каралып жатат” деген белгилөө менен көрүнүп турган. Interpol бул кандайча болгонун түшүндүрүүдөн баш тарткан.
Эмиграцияда жүргөн Ринат Тухватшин бул тууралуу мындай деди:
"Кыргыз бийлиги Interpol системасын кыянаттык менен колдонуп жатат дегенге абдан өкүнөм. Бул биздин өлкөнүн аброюна көлөкө түшүрөт. Бул механизм кооптуу кылмышкерлерди табуу үчүн түзүлгөн, журналисттерди куугунтуктоо үчүн эмес. Мен мыйзам бузган жокмун, ошондуктан коркпойм. Бирок бул өлкө үчүн уят", — деди ал.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 27-октябрында Бишкектин Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg (ОФ "Клооп Медиа") жана "Айт айт десе" медиапроекттеринин материалдарын экстремисттик деп таап, ошондой эле Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндеги (Т.Б.М. жана Т.Р.Р.) ишмердүүлүктү да экстремисттик деп тааныган.
Мындан тышкары, Temirov Live, Kloop.kg жана "Айт айт десе" медиапроекттеринин интернеттеги баракчаларынын ишмердүүлүгүнө да тыюу салынды. Бул чечимди аткаруу милдети Кыргыз Республикасынын Санарип өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагындагы жөнгө салуу жана көзөмөл кызматына жүктөлдү.
Алсак, "Red Notice" — бул Interpol мүчө-мамлекеттерине издөөдө жүргөн адамды кармап, экстрадициялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган эл аралык билдирүү.