www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Тажикабад районундагы Дехдал мөңгүсү болгону 15 мүнөт ичинде 5 чакырымдан ашык аралыкка жылды.
Гидрометеорология агенттигинин маалыматы боюнча, 25-октябрда узундугу 1,5 км, бийиктиги 50 метр болгон чоң муз катмары бөлүнүп кеткен.
Адистер бул көрүнүштү өтө ысык жайдын жана узакка созулган кургакчылыктын кесепети деп түшүндүрүштү.
“Температуранын жогорулашы мөңгүнүн тез эришине жана суу балансынын бузулушуна алып келди”, — деп билдиришти адистер.
Мөңгүнүн кыймылы климаттын өзгөрүшүнүн дагы бир далили катары бааланууда. Азыр Тажикстанда 8 миңден ашуун мөңгү бар, алардын эрүүсү Борбор Азиядагы суу ресурстарына түз таасир этүүдө.