www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга контрабандалык жол менен ири дарылардын топтому кирип жатканы байма-бай айтылууда. Дары дармек департаменти көрмөксөн, билмексен. Жетекчисинин кесиби бухгалтер болгондуктан эч нерсе түшүнө албай жатат дейли десек, көптөн бери иштеген орун басары Руслан Акматовду кайсы кара теке сүздү экен?
Препараттардын көзөмөлсүз, көрүнгөн жерде сатылып, калктын саламаттыгына доо кетип жатканына кылы кыйшайбаганы өкүндүрөт.
Мындан улам, Акматов аткезчиликти колдоп, алардын изин жашырып жүрөбү деген суроо жаралат. Болбосо, тартип болот эле го. Кызыгы, эл анын «ФС-1» препаратына уруксат бергендердин ана башында экендигин унута элек. Аталган шектүү дары кургак учук менен ооруган адамдарга колдонулган.
Мындан эки адам көз жуумп, ондон ашык кишинин ден соолугу ого бетер начарлап кеткендигин тиешелүү органдар аныктап, тактап чыгышкан. Бул чуулгандуу окуя Акматовго сабак болушу керек болчу.
Тилекке каршы, дагы деле аткезчилик күчөп, эл эмне деген дары ичип жаткандыгы белгисиз. Акматов болсо фармкомпанияларды жүдөтүп, «жетекчиге берилет» деген таризде алардан каражат чогултуп, накта бухгалтер болуп алды деген сөздөр айтылып жатат.
Андыктан өлкө жетекчилери, башкы прокуратура интрига менен алек болгон Акматовдун эмне иш менен алек экендигине кылдат көз салуулары зарыл.
Булак: “Фабула”