www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө Ирак менен Сириядагы абактарда жаткан кыргызстандык 400 баланын жана 200 аялдын тизмеси аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, сандар дагы деле такталууда жана алар мындан да көп болушу мүмкүн, анткени аймактык убактылуу кармоочу жайлардан керектүү маалыматтарды алуу кыйын.

«Азыр балдарды жана энелерди Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок бул жерде бир топ кыйыныраак, анткени баардыгы жазанын оордуганан көз каранды», - деп белгиледи Жээнбек Кулубаев.

Эске салсак, буга чейин 2022-жылы Багдаддын (Ирак) абактарында апалары менен бирге кармалган 79 бала Кыргызстанга кайтарылганы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости