www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров элчи, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэрди анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы элчини жылуу кабыл алып, акыркы 30 жыл ичинде Европа Биримдиги Кыргызстандын негизги ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири болуп саналарын белгиледи.

«Азыркы глобалдык өзгөрүүлөрдүн мезгилинде биз дүйнөнүн жарык келечеги үчүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн тыгыз байланышта болуп, саясий диалогду бекемдеп, 30 жылдык жетишкендиктерди улантып, туруктуу өнүгүүгө шарттарды түзүү үстүндө иштешибиз керек», — деди ал.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Европа Биримдигинин жашыл экономика, санариптүү трансформация, билим берүү жана саламаттык сактоо, чек ара жана баӊгизат коопсуздукту чыңдоо, илимий жана академиялык алмашуу программалары боюнча студенттер үчүн стипендиялык квоталарды көбөйтүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы кызматташтыгына өзгөчө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров Эдуард Ауэрге Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы кызматындагы иши үчүн ыраазычылык билдирип, анын эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кошкон салымын жогору баалай турганын белгиледи.

Өз кезегинде элчи, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Кыргызстандын жетишкендиктерин жогору баалап, акыркы жылдары өлкөдө жакшы натыйжалар жетишилгенин белгиледи.

Эдуард Ауэр Кыргызстан менен кызматташуунун деңгээлине канааттангандыгын билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу демократияны өнүктүрүү, сөз эркиндиги, адам укуктарын сактоо жагынан алдыда.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы ошондой эле Чолпон-Атада өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна жогору баа берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле өлкөгө европалык инвесторлорду тартуу менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости