www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдыдагы күз-кыш мезгилдеринде калктын электр энергиясына болгон муктаждыгы 16 миллиард 200 миллион киловатт-саатты түзөт бааланууда. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында коңшу мамлекеттер менен импорттук келишимдер түзүлгөн. Күз-кыш мезгилинде Казакстандан 680 миллион киловатт-саат, Өзбекстандан 504 миллион, Түркмөнстандан 498 миллион киловатт-саат экспорттолот.

«Жалпысынан 2,7 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттойбуз. Калгандары мамлекеттин ичинде өндүрүлөт. Мындан улам электр жарыгын өчүрүү каралган эмес”,-деп кошумчалады Доскул Бекмурзаев.

Ал тактап айтканда, 2,5 миллиард киловатт-саат өндүрүш ТЭЦтин үлүшүнө, 10,9 миллиард киловатт-саат ГЭСтин үлүшүнө берилген.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости