www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия-АКШ мунай согушунда ким жеңип чыкты?

АКШ баштаган Орусия мунайына каршы санкциялар өздөрүнө каршы иштеп жатат. Бул тууралуу American Thinker басылмасынын баяндамачы Томас Лифсон өз макаласында жазды.

Серепчи эске салгандай, Батыш өлкөлөрү Орусиядан мунай сатып алууга эмбарго киргизген. Жыйынтыгында ресурстун баасы жогорулап, тартыштык жаралган. Бирок автордун айтымында, Брюссель менен Вашингтон өз аракеттери менен санкциялардын маанисиз экенин тастыктап коюшту. Анткени Орусия мунайы алар күткөндөй  кампаларында топтолбой, Сауд Аравиясына чектөө киргизилгенге чейинкиден дагы бир топ кымбат баада сатылып жатат.

Эр-Рияд электр энергиясын өндүрүү үчүн чийки затты Москвадан сатып алып, өзүндө казылган ресурсту Батышка жогорулатылган баада экспорттойт. Лифсондун айтымында, бул жагдайда Орусия жеңүүчү болуп саналат. Ал АКШ менен Европанын санкцияларын кылдаттык менен айланып өтүп олуттуу киреше алып келет. Ал эми АКШ менен Европа кымбатыраак болсо дагы Сауд мунай импортуна көз каранды болуп, күйүүчү май согушунан утулуп жатат.

"Ким жеңилип жатат? Сиз, мен жана дүйнө жүзүндөгү керектөөчүлөр. Өзгөчө Россияга каршы чектөө чараларын колдонгон өлкөлөр куурай баштады. Санкциялар Байдендин көптөгөн тышкы саясий демилгелери сыяктуу эле тескери саясат жана акылсыздык", — деди Лифсон америкалык окурмандарга кайрылуусунда.

Февраль айынын соңунда Орусия Украинаны демилитаризациялоо боюна атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин Орусияны алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экендигин, ал эми санкциялар дүйнө экономикасынын шайын бир топ эле алып койгондугун эскерткен. Анын айтымына караганда, Батыштын максаты — миллиондогон адамдардын жашоо-турмушун начарлатуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости