www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп АКШнын Советтер Союзунун тагдырын кайталоо коркунучу тууралуу айтып, Америкага бүгүнкү күндө негизги коркунуч ичинен келип жатканын белгиледи: "Анда мунун аягы эмне менен бүтөт? Бул, балким, бүтпөйт, анткени, тышкы чоң коркунучтарга карабастан, биз үчүн эң чоң коркунуч, бул өлкө, ичибизде ден-соолугу чың жана жаман адамдар бойдон калууда ", - деди Ак үйдүн мурдагы башчысы.Трамп ошондой эле, өзүнүн тарапкерлерине АКШнын кызыкчылыгы үчүн саясий ишмердүүлүктү уланта берүүгө убада берип, антпесе эл башка Венесуэла же Советтер Союзуна, балким, чоң масштабдагы Кубага айланышы мүмкүн.
Бул катка көңүл бурсак. Менин жакшы досум жана кесиптешим Наталья Орлова Ысык-Көлгө эс алууга жыл сайын келээр эле. Ысык-Көл – Борбор Азиянын бермети, биздин ыйык көлүбүз. Наталья жылкы баласына жакын жан эле, өзгөчө Орлов таскак аттарын абдан жакшы көрчү. Бул таскак аргымактары сулуу жана ойноок келет. Наталья аларды сырткы көркөм көрүнүшү үчүн гана эмес, жылкынын бул тукумун өзүнүн ата-бабасы, граф А.Г. Орловдон орус элине калган мурас деп баалачу. Досторум менен кээде аны тамашалап, графиня деп койчубуз, бул ага абдан жакчу. Наталья Кыргыз Улуттук Университетинин чет тилдер факультетин бүтүргөн. Ал англис жана немис тилдеринде эркин сүйлөчү. Француз тили, өзү айткандай, орус тили менен бирге, анын эне тили болучу. Таң калыштуусу, анын үй-бүлөсүндөгү баардык аялдар – апасы, чоң энеси жана тайэнеси жана башкалар графтыктардын чыныгы тукуму сыяктуу французча эң сонун сүйлөшөрүн айтып калчу. Ал узун бойлуу, сымбаты келишкен, сулуу кыз эле. Айрыкча, анын тунук көк көздөрү таасирдүү болчу. Ал сага тигиле карап калганда, анын көздөрү терең, түбү жоктой, белгисиз дүйнөнүн деми сезилип турчу.
Наталья жылкыларды жакшы көрчү, ошондуктан ал бизге ар жылы жайында келип турчу. Кээде кышында да каттаар эле. Ал өзүнүн сүйүктүү жээрде жана акбоз Орлов аргымагын көл жээктеген жалгыз аяк жол менен шамал менен жарышып таскактатып бараткан мезгилде, күмүш кардын жылтырап чачыраганы ага сөз менен жеткире алгыс сулуулук тартуулар эле. Ага Ысык-Көлдүн жанында Совет доорунда атагы чыккан жылкы заводу жана ат майданы бар экени жакчу . Бүгүнкү күндө да ал ат майданынын атак-даңкы өчпөй келет. Мында жылкы баласынын көп тукумдары, анын ичинде ондогон Орлов таскактары да бар…
Анын үстүнө, бул ипподром Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоодо жана өткөрүүдө чоң роль ойногон. Бул оюндар кыргыз элинин тарыхында көчмөн жашоо образы бар баардык элдердин өнүгүүсүнө түрткү берген символдордун бири болуп калды.
…Бир жолу ал мени Москвага, таза кандуу жылкылардын көргөзмө-жарманкесине чакырды. Мен досторум менен Натальяга колго даярдаган белек тартуулаганы да камдандык. Белегибиз уй терисинин жумшак ийленген, ичке тилинип, кырк өрүм саптан турган камчы (нагайка) эле. Илгери мындай белек тектүү башкаруучуларга гана берилген.
Наталья дагы тектүү жердин кызы болгондуктан, мындай белекке татыктуу болчу.
… Ал эми жарманкеге барып, досторум менен Москваны кыдырып жүрүп, досубуз Натальянын көздөрү өзгөчө жайнап турганын байкадым. Жамалы жазгы тоонун гүлүндөй, көздөрү жылдыздай жаркырап, ал сыйкырдуу жана жагымдуу энергия чачып жаткандай жаркып турду. Анын мындай маанайын көргөн соң, мен үчүн жашоо ого бетер кооздолуп, түркүн түскө боелгондой сезим тартуулады…
… Биз, достор, анын сүйүүгө жолукканын баарыбыз билчүбүз.
Бир маалда Наталья мага акырын:
«-Эркин, сен билесиңби, ал таптакыр башкача адам. Океандын ары жагынан келген бул адам, дүйнөнү өзгөртөт! Бул – бүткүл адамзаттын маңызын терең билген жана ар бир адамды ийгиликке жеткире алчу адам»
…Эки күндөн кийин Наталья биз белекке берген камчыны алып келип, башын көрсөттү: «Муну силер эмне дечү эленер, «бүлдүргү» беле? Ошол кокусунан чыгып кетти, кайра тагып бересиңби?»
Бүлдүргүнүн түйүнү эмне себептен жанып кеткенин түшүнө албай ичим уйгу-туйгу болду. Себеби, бизде илгертен келаткан ишеним бар, бүлдүргүнүн жанып кетиши жакшы жышаан эмес. Камчыны жасаган досторум менен бирге бул кичинекей үч сантиметрлик булгаары көктү өзгөчө кылып бекем байладык.
Бүлдүргүнү жакшылап бекитип, эртеси Натальяга барууга даярдандым. Бирок, мени алып кетүү үчүн бөлмөмө шашылыш кирип келген досторумдан жаман кабар уктум:
«Наталья аттан жыгылып, ооруканада экен. Тез ошол жакка баралы»
… Көрсө, Наталья жаңы үйрөтүлгөн, тажрыйбасыз атка минген экен. Токойду жээктеп чаап баратса, аты бир нерседен үркүп, Наталья кулап түшүптүр. Анын омурткасы сынып, жүлүнү жабыркаган окшобойбу...
Бейтапканада, Наталья жаткан палатага жакындай бергенде, айнек каалгадан Натальянын жанынан узун бойлуу, чымыр денелүү, орто жаштагы кызгылт-сары чачтуу мырзаны көрдүк. Ал өзүнүн олбурлуу колу менен Натальянын шадылуу, назик, аппак колун акырын сылап, башын бир аз ийкеп, бирдемелерди шыбырап жатты.
Чымындын учканы угулган жымжырттыкта «-Багынба… Мен сени бул азаптан сууруп чыгам. Кудай менен келишимге барсам да, сени куткарам!» деген сөздөр үзүл-кесил угулуп турду.
Ал дээрлик угузбай сүйлөп жатса да, үнүнөн ушунчалык жылуу, чын жүрөктөн чыккан күчтүү дем байкалып турду. Бери жакта угуп турган баарыбыз анын сөздөрүнө чындап эле ишенип, ал Натальяны өлүмдөн сактап калууга кудурети жетет деп ойлоп турдук.
Наталья кыймылсыз жатса да, жигиттин сүйлөп жаткан сөзүн угуп, кабыл алгандай сезилди. Анын жумулган көздөрүнөн акырын тамчылаган жалгыз жаш агып келип жүзүнүнүн ортосуна токтоду… Ал күтүлбөгөн жерден денесин түздөп, акыркы демин чыгаргандай болду.
Дарыгер – жигитти палатадан чыгуусун өтүндү. Ал Натальянын жигити – океандын ары жагынан экенин билчүмүн. Ал күчтүү адам экенине карабай, ошол тапта жаны жай таппай кайпалактап турганын көрдүм. Көздөрү эч нерсени көрбөй, убакыт ал үчүн токтоп калгандай сезилди.
Эки күндөн кийин мен кызыл сары чачтуу жигит жайгашкан мейманканага келдим. Ал бир адам менен мейманкананын кире беришинде турган экен. Мен аларга жакындап келгенимде жанындагы бойлуу жаш жигит мен тарапка утурлап, жолумду тосту. Ал кызыл сары чачтуу кишинин жардамчысы же жан сакчысы окшойт деп түшүндүм. Ага Наталья Орлованын буюмун алып келгенимди айтканда, кызыл сары чачтуу киши Натальянын атын угуп, капысынан «селт» этти. Анан мага суроолуу көзү менен тигилди. Мен анын көздөрүнөн чоң жоготууну, терең кайгыны көрдүм. Эрктүү адам экендигине карабай, анын бүт өмүрү маанисин жоготкондой сезилди. Мен: «Мырза, Натальянын буюмун сизге тапшыруума уруксат этиңиз. Бул туура кадам деп эсептейм». Мен камчыны анын колуна тапшырдым. Ал унчукпай алды да, көпкө чейин аны үнсүз, жалдырай тиктеп турду. Мен парзымды аткарган соң, жеңилденип, артка бурулуп, кадам таштадым…
Азыр Америкада жүргөндө, жаңылбасам, «Аргументы и факты» аттуу орус тилдүү гезитти окуп отуруп, 1987-жылкы эски сүрөт көзүмө урунду. Бул сүрөттө Натальянын океандын ары жагындагы таанышы, ошол кызыл сары чачтуу адамды тааныдым. Ал – азыркы АКШнын Президенти, Дональд Трамптын жаш чагы экен. Балким, Натальянын камчысы анын кеңсесинде илинип тургандыр…
НАТАЛЬЯ МЕНЕН ДОНАЛЬД
Автору Erkinbek Okumaliev
Чакан аңгеме АКШнын басылмаларына англис тилинде жарык көргөн.
P. S. Сүрөт 1987-жылы, Москвада тартылган.
Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg